7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда жаран эки кичинекей кызга ыплас аракеттерди жасаган

774

Ошто 5-6 жаштагы эки кызга автоунаасында ыплас аракеттерди жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде Кара-Суу райондук милициясына кабар келип түшкөн. Анда Кара-Суу шаарынын 6 жаштагы А.А. аттуу тургунун үйүнүн алдында белгисиз адам колунан кармап автоунаасына алып келгендиги айтылат.

Аталган факт маалыматтык электрондук журналга катталып, териштирүү иштери башталган.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө 29-март күнү Кара-Суу шаарында 44 жаштагы жаран беш жана алты жаштагы кыздарга автоунаасында ыплас аракеттерди жасагандыгы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде (“Ыплас аракеттер”) кылмыш иши козголуп, 4-апрелде шектүү катары 44 жаштагы Ш.Б. аттуу жаран кармалып, райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

775