7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда жигит тергөөчүгө пара берип жатканда кармалды

260

Ош облусунун Кара-Суу районунда милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал тергөөчүгө 40 миң сом берип жаткан жеринен колго түшкөн. Шектүү андан тергөөгө чейинки текшерүүнү оң жака чечип берүүнү суранган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

 

261