7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суудагы базардын директору кармалып, үйүндө тинтүү жүрдү

545

«Туратали» аталышында Кара-Суу базарынын аймагында жайгашкан жеке ишкер «К.Жээнбеков» базарынын директорунун кармалган фактысы боюнча УКМК маалымат берди.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында «Туратали» базарынын аймагында дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды.

Жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалынан пайдаланып, контейнерди бузуп салам деп коркутуу жолу менен ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң АКШ долларына чейин акча талап кылган. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, мыйзамсыз талап кылынган сумманы ага которууга аргасыз болушкан.

24-январда мыйзамсыз талап кылынган 5 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын которгондон кийин жеке ишкер кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жашаган жерин тинтүү учурунда 135 600 АКШ доллары, 1 113 800 сом акча каражаты, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куймалары жана 2017-жылы чыгарылган «Рейндж Ровер» автоунаасы табылып алынды.

 

546