7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Жыгачта бир күндөн бери суу жок

207


Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында суунун жоктугуна эки күн болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Төлөбүбү Асанбекова жергиликтүү маалымат булактарына билдирген.


Анын айтымында, айылда сууну өчүрүү кадимки эле көрүнүш болуп калган.


«Суук мезгилде биздин суу үзгүлтүксүз өчүрүлүп турат. Биз тамак жасаш үчүн суунун жумуштан же сатып келип колдонушубуз керек болот. Менин төрт кичинекей балам бар, анан да көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайм. Башканы айтпайын, суунун жоктугунан жада калса дааратканага бара албайбыз. Администрацияга кайрылганыбызда «бул суунун аздыгынан», — деп жооп беришти», — дейт ал.


Ошондой эле ал суу маселеси жайында да көтөрүлөрүн кошумчалады.


«Бул айылга көчүп келгенибизге беш жыл болду. Жайында суу түтүкчөсүнөн кир суу агат. Суу иче албайбыз жана ага тамак жасоого да болбойт. Жайкысын кир жууш үчун гана колдонобуз», — деди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

208