7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Каракол» аэропортун куруп жаткан жумушчуларды темир басып калып, экөө каза болду

946

«Каракол» аэропортун куруп жаткан жумушчуларды металл конструкциясы басып калып, эки киши каза болду. Бул тууралуу 7-каналга Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-июнда болжол менен саат 17:30дар чамасында конструкция үч жумушчуну басып калган, алардын бири 1978-жылы туулган А.Р.К., жеринде алган жараатынан мерт кеткен.

Ооруканага 1970-жылы туулган О.А.Т., жана 1981-жылы туулган Б.А., жеткирилген, жабыркагандардын бири 42 жаштагы Б.А., реанимацияда каза болгон.

Аталган факт маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

947