7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Каракол» аэропортунда чоң учактарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө

151

«Каракол» эл аралык аэропортунда чоң учактарды кабыл алууга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.

Учурда аэропорттун учуп-конуу тилкесин узартуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкесинин узундугу 2450 метрди түзүп, белгилүү бир класстагы учактарды – мисалы Dash 8 Q400, RJ85, ошондой эле чакан бизнес учактарын тейлей алат.

«Жакынкы арада курулуш иштери аяктагандан кийин учуу тилкенин узундугу 1300 метрге узарып, жалпы узундугу 3750 метрге жетет. Бул техникалык жаңылануу аэропорт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Учуп-конуу тилкесинин кеңейтилген параметрлери орто магистралдуу жана кең фюзеляждуу аба кемелерин, анын ичинде Airbus A320, A321, Boeing 767, ошондой эле Ил-76 сыяктуу оор жүк ташуучу учактарды кабыл алууга мүмкүндүк берет», — деди ал.

Келечекте “Каракол” эл аралык аэропорту туристтерди мындан да көбүрөөк кабыл алууга, коммерциялык жана гуманитардык жүктөр үчүн натыйжалуу логистиканы камсыздайт.

Бул долбоорду ишке ашыруу — региондорго жеткиликтүүлүктү жогорулатууга, туризмди өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын күчөтүүгө багытталган Кыргызстандын аймактык аэропортторун модернизациялоонун жалпы программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

152