Каракол — Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кар көчкү кечээ, 22-апрелде саат 15:00 чамасында түшкөн.
«Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымында кар көчкү түштү. Унаа жол учурда жабык. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүлүүдө. Жол убактылуу 25-апрелине чейин жабылат», — деп билдирди басма сөз кызматы.