7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каракол лыжа базасынан фоторепортаж

367

Кыргызстандагы “Каракол” лыжа базасы Борбор Азиянын ири эс алуучу жайлардын бири болуп саналат.

Forbes журналы “Каракол” базасын КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы 10 базаларынын бири деп аныктаган.

“Каракол” лыжа базасы шаардан 7 чакырым алыстыкта жана деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан.

Совет доорунда Олимпиадага тандалган чеберлер ушул лыжа базасында машыгып турчу.

2004-жылы “Каракол” лыжа базасы толук оңдолуп, төрт көтөргүч механизми орнотулган.

Азыр лыжа жана сноуборд тебүүдөн тышкары чана жана парашют менен да учса болот.

Лыжа тебүү сезону ноябрь айында башталып, апрель айына чейин созулат.

Абанын температурасы -5 градуска түшсө, кардын калыңдыгы 1.5 метрден, 2.5 метрге чейин жаайт.

Лыжа тебүү трассасы 800 метрден 4.5 чакырымга чейин узун. Базанын эң бийик орду 3040 метрге чейин жетет.

Каракол лыжа базасынын аймагында мейманканалар, ресторан, кафе, форма сатуучу ж.б жайлар бар.

Эгерде сиз лыжа тебүүнү билбесеңиз, лыжа жана сноуборд боюнча инструкторлор сизге лыжа тебүүнүн ыкмаларын үйрөтүшөт. Каракол лыжа базасында жогорку квалификациялуу инструкторлордун курамы бар.

Каникул убагында үй бүлөңүз же досторуңуз менен эс алып келүүгө сонун жай. Өзүңүзгө убакыт бөлүп, барып келиңиз окурманым.

 

368