7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каракол шаары КМШнын маданий борборунун эстафетасын Санкт-Петербургга тапшырды

756

Каракол шаары КМШнын маданий борборунун эстафетасын Санкт-Петербургга тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12- декабрда Ташкентте өтүп жаткан  КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллектуалдарынын XV форумунда Каракол шаарынын вице-мэри Гүльназ Орозова Каракол КМШнын маданий борборунун эстафетасын Санкт-Петербург шаарынын жетекчилигине  тапшырды.

Гулназ Орозова өз сөзүндө 2022-жылдын ичинде Каракол шаарында 20дан ашык ар кандай маданий иш-чаралар, чыгармачылык жолугушуулар, сынактар жана КМШ өлкөлөрүнүн белгилүү эстрада жана классикалык аткаруучуларынын гастролдору өткөнүн баса белгилеп, жыл жемиштүү жыйынтыкталганын айтып, мындан ары маданий борбордун сапары байсалдуу болсун деп билдирди.

Ал эми, Санкт-Петербург шаары маданий борбор катары учурда даярдыктарды көрүп жатканын белгилеп, шаар турмушу жана маданий баалуулуктарга токтолуп,  шаар тууралуу кыска видео баян сунуштады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

757