Минералдык жер семирткичтерди контрабандалык жол менен коңшу тарапка алып өтүүгө аракет жасаган «Volvo FH» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, И.Акыбаевдин башкаруусунда 08KG155AKT мамлекеттик номурлуу «Volvo FH» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 30 тонна (карбамид) минералдык жер семирткич менен коңшу тарапка алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.
Айдоочунун айтымында, ал бул жүктү Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан кампалардын биринен Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылына алып келген.
Жүктү таразага тартууда «Кольцо» транспорттук контролдоо пунктунун кызматкерлерине ашыкча салмагы үчүн 113 миң 500 сом айып пул салынган.
Көрсөтүлгөн жүктүн чыныгы ээси Кулунду айылынын тургуну жана аткезчилик менен алектенген Жолчиев Артык Бакирдинович экендиги аныкталды.
Аталган факты Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталып, учурда ишти аныктоо боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.