Каракол шаарында айдоочуга карата бейбаштык боюнча протокол түзүлгөндүгүн Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 2-сентябрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, 30-август күнү Социалдык тармактарда Каракол шаарынын кайгуул-күзөт кызматынын башчысынын уулу катуу ылдамдыкта келе жатып, балдарды сүзүп кете жаздагандыгы боюнча видео тараган. Тасмадагы айдоочуну жоопко тартуу үчүн Каракол ШИИБдин Жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын инспекторлоруна тиешелүү тапшырмалар жүктөлгөн.
Натыйжада айдоочунун өздүгү такталып, Каракол шаарынын 2003-жылы туулган тургуну А.Б. экендиги аныкталды. Ага карата эреже бузуулар кодексинин 124-беренесинин (Автоээнбаштык) негизинде 7 миң 500 сом айып пул салынган.
Ошондой эле ИИМ кызматкерлери А.Б.нын айдоочулук күбөлүгү жок деген маалыматты четке кагып, «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар экендигин кабарлашат.