УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинин Каракол шаардык чума оорусуна каршы бөлүмүнүн башчысынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган М.Р.К. аттуу жетекчи кызматтык абалынан пайдаланып, өзү жетектеген мекеменин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча каражатын талап кылып алып турган.
«Алсак, Ысык-Көл облусунун сырт аймактарында карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды изилдөө жана алдын алуу боюнча Чумага каршы бөлүмүндө эпидемияга жана чаңга каршы отряддардын жасалма тизмелери түзүлгөн. Жыл сайын жай мезгилдеринде тиешелүү буйруктарга ылайык белгилүү сандагы адистерден турган отряддар сырт аймактарына чыгып кетүүгө тийиш. Бирок, иш жүзүндө бир кыйла азыраак сандагылар чыгышкан. Ошол эле учурда мындай адистин ар бирине жол кире акысына акча чегерилген. Сырт аймактарында иш жүзүндө иш жүргүзбөгөн адамдарга акча каражаттар которулгандан кийин, аталган жаранга системалуу түрдө өткөрүп берип турушкан»,- деп берилет маалыматта.
Учурда, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мындан башка мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram