7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Карамай жок». Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев добуш берди

229
Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев №5283 шайлоо тилкесинде аралыктан добуш берип, жарандык милдетин аткарды.
Мэр шаар тургундарын шайлоого активдүү катышууга жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Быйылкы шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле тиешелүү органдарга добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер байкалса, аларга тыкыр көңүл бурууну эскертти.
Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик органдары парламенттик шайлоону уюштуруу үчүн бардык добуш берүү тилкелерин талапка ылайык жабдып, шарттарды камсыздаган.
Ош шаарында жалпы 105 шайлоо тилкеси бар. Анын 66сы №6 округга, 35и №5 округга, 4ү №7 округга карайт. Шаарда 163 миңден ашуун шайлоочу бар.
230