7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караван менен саякаттоо үчүн Түркиядагы популярдуу маршруттар

686


Караван
саякаты барган сайын популярдуу болуп баратат. Түркия кооз жаратылышы, байыркы шаарлары жанадаамдуу ашканасы менен караван саякаттары үчүң да эңсонун өлкө.

Популярдуу маршруттардын бири Эгей деңизинен  ЖерОртолук деңизине чейин алып барган жол. Чанаккаледенбашталган маршрут менен сиз  байыркы Троя шаарынкыдырып, Илиада жана Гомердин Одиссеясынынбаатырдык эпостору менен тааныша аласыз. Андан ары маршрут Айваджик, байыркы Ассос шаары, Ида тоосунунэтегине чейин барып, Түркиянын эң «жай шаары» болгонбелгилүү Урладан, Фоча Арт питомниги, Ширинже, Чешме жана Алачаты курорттук аймактарына бет алат. Измир шаарында Эфес, Пергама жана Клозаменай сыяктуукөптөгөн тарыхый байыркы шаарларды изилдеп, ошондойэле Эгей ашканасынын бай тамактарынан ырахат ала аласыз.

Эгер сиз Жер Ортолук деңиз жээгин жактырсаңыз, андаМугланы камтыган  Бодрум, Фетхие, Мармарис, Датча жанаКөйжеиз шаарларына бара турган маршрутту тандаңыз. Айрыкча жандуу атмосферасы жана суу астындагы музейижана Галикарнас мавзолейинин менен белгилүү Бодрум шаары абдан кызыктуу. Ошондой эле бул жерден Лагина, Гераклея, Стратоникия жана Книдос байыркы шаарларынабаруу менен байыркы цивилизациялардын издерин табааласыз. Датча жарым аралынын эң аягында жайгашканКнидосту айланып өткөндөн кийин, Датчанын тынчаймагына барасыз.

Туристтик маршрут Өлүдеңиз пляждары жана Көпөлөктөр өрөөнүн да аралап өтөт. Бабадаг тоосунун четинен популярдуу параплан жолдорун көрүүгө болот.

Жер Ортолук деңизинин жээгин жактыргандар үчүн, Анталияга — Түрк Ривьерасынын жүрөгүнө алып барган маршрут да сунушталат. Анталья пляждары, жаратылышыжана байыркы Ксанф, Летун, Сиде, Перге, Аспендос, Мира жана Патара сыяктуу тарыхый эстеликтери менен белгилүү. Бул жерде көптөгөн популярдуу треккинг жолдору бар. Анын ичинде Ликия жолу жана Писидия маданиймурастарын көрүшүңүз мүмкүн. Анталия провинциясындаошондой эле дүйнөнүн ар тарабынан суучулдарды өзүнөтартып турган атактуу Кас шаары жана эң кооз пляждардынбириКапуташ бар.

Эгер сиз токойлуу тоолор жана кооз жээктер аркылууукмуштуудай саякаттоону кыялдансаңыз, Кара деңиз жолуэң сонун тандоо. Стамбулдан жашыл токойлуу Болу аркылуу саякаттап, андан кийин жыгачтан жасалган түркүйлөрү болгон Сафранболу менен Самсун, Орду, Трабзон, Ризе жана Артвин сыяктуу кооз шаарларды кыдырасыз. Сизди бардык жерде улуу пейзаждар, тарыхый эстеликтержана уникалдуу маданият, ошондой эле түрдүү чөптөр жанажаңы балыктар менен укмуштуудай түрк ашканасы күтөт.

Түркия саякат тажрыйбаңызды гана байытпастан, булуникалдуу өлкөнүн унутулгус таасирлерин калтыра турганкөптөгөн керемет караван жолдорун сунуштайт.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

687