Кардардын 100 миң АКШ доллар акчасын алып качып кеткен чет элдик жарандар кармалышты. Алар Бишкек шаарындагы эмерек саткан дүкөндүн биринде иштешкен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБге жаран Ф.Ж.дан арыз келип түшкөн. Анда эмерек сатуучу дүкөндөрдүн биринин кызматкерлери 2021-жылдын августунда Түркиядан эмерек алып келүүлөрү үчүн 100 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдын ала (аванс) алышып, милдеттенмелерин аткарбай качып кетишкенин билдирип, аларга карата чара көрүп берүүнү суранган.
Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрликтеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Түркия Республикасынын аймагынан жаран К. Г. аныкталып, кармалган.
Кылмышкерлерди эл аралык издөө иштеринин жүрүшүндө 2025-жылдын 12-сентябрында Вьетнам Социалисттик Республикасынын аймагынан 1999-жылы туулган Т.А. кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөдө болгон (эски редакциясында).
Азыркы учурда жаран К.Г. Кыргыз Республикасына алынып келинип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Ал эми, жаран Т.А.ны өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Андан кийин, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Аталган адамдарды издөө жана кармоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана УКМК менен тыгыз байланышта жүргүзүлдү.