7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Карстагы өзгөчө кыш. «Чыгыш экспресс» сизди Түркияга чакырат

413

Түркия кооз табияты, байыркы тарыхы, маданияты жана бай ашканасы менен катар кыш туризми менен да көпчүлүктү кызыктырган өлкө. Күз аяктаары менен Түркиянын баш калаасы Анкара кар жамынып, айыл жерлери кышкы туризмдин борборуна айланат. Анкара кышын көрүп, калааны “Чыгыш Экспресс” поезддери менен аралап өтүп, өлкөнүн чыгышында жайгашкан кыш шаары Карска чейин саякаттап, тоо аралап чер жазып келсеңиз болот.

СИЗ КЫЯЛДАНГАН КҮН, ЭҢСЕГЕН АТМОСФЕРА

Анадолунун борбордук бөлүгүнөн башталып, Түркиянын эң чыгыш тарабына чейин 1310 километрге созулган Чыгыш Экспресс жолу укмуш кооз көрүнүштөрү менен белгилүү. Анкарадан чыккан поезд Кырыккале, Кайсери, Сивас, Эрзинжан жана Эрзурум провинцияларынан өтүп, Карс шаарына келип токтойт.

ТУРИСТТЕРДИ КЫДЫРТКАН “ЧЫГЫШ ЭКСПРЕСС”

Чыгыш экспрессине чыккан туристтер тарыхый темир жол станцияларын, жергиликтүү жашоо, түрдүү өзгөчөлүктөр жана жомоктогудай пейзаждарды көрө алышат. Атайын туристтер үчүн коюлган поездде он төрт столу менен ашкана, вагон жана 56 тамактануучу отургуч бар. Бортто тамактануу мүмкүнчүлүгүнөн тышкары жүргүнчүлөр поездге электр мештерин жана чайнектерин алып келип, өзүлөрү каалагандай дасторкан даярдап алса болот.
Акыркы жылдарда бул дестинацияга суроо-талап күчөгөндүктөн Чыгыш Экспресс жана Туристтик Чыгыш экспресс атуу өзүнчө эки поезддик линиялар ачылды. Чыгыш Экспресс 29 станцияга келип токтойт. Туристтик Чыгыш Экспресс поездинде уктоочу вагондор да бар. Ал эми жайыраак жүрөтурган Чыгыш Экспрессинде болсо уктоочу бөлмөлөрү жок. Бул каттам 50 станцияга келип токтойт.

КЫШ ШААРЫ БОЛГОН КАРС
Чыгыш экспресс поезди айланып жүрүп отуруп, кыш шаары болгон Карска келип токтойт. Түркиянын чыгышындагы Анадолунун эң эски конуштарынын бири Карс калаасы түрдүү маданиятка бай локация болуп саналат. Бул жерлерде Урартулардан баштап Перстер, Чыгыш Римдиктер, Селжуктар жана Осмон цивилизацияларынын изи калган. Ошондой эле Карс аймагынан убагында Жибек жолу да өтүп, маанилүү соода борборлорунун бири болуп, турмуш кызып турган.

БАЙЫРКЫ АНИ ШААРЫНА БАРЫҢЫЗ

Муну менен катар бул локацияда байыркы Ани шаары да жайгашкан. Бир кездерде бул тарыхый шаарда 100 миңдей киши жашаган. Калаа биздин заманга чейинки 5000-жылдарда түптөлгөн. Ани бүгүнкү күндө ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Ал жердеги сепилдер, бастиондор жана таш көпүрөөлөр Карска байкоочу терраса катары кызма кылып келген. Аймактагы Эбул Менучехр мечити, Ыйык Пркич чиркөөсү, Тигран Хонентс чиркөөсү, Нун монастыры жана Карс музейи дестинациянын баалуктарын дагы да арттырып турат десек болот.

САРЫКАМЫШ ЛЫЖА БОРБОРУ

Карста кар калың жаап, кыш суук болот. Табияты лыжа тепкенге өтө ыңгайлуу жер. Аймакта Сарыкамыш лыжа борбору бар. Бул жер кышкысын кишиге толуп, дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтер агылып келет. Сарыкамыш лыжа борбору тоо жана лыжа спорту үчүн абдан ыңгайлуу жасалган. Бул жерге кар бурганактап жаап, шамал жүргөндө хрусталдай учуп турат.

ЧЫЛДЫР КӨЛДӨГҮ КЫШ
Ошондой эле Карста көл да бар. Дестинациядагы Чылдыр көл кышкысын тоңот. Сиз көлдүн каптаган көк музда коньки тээп, ат чаналарда сейилдеп, үшүсөңүз от жагып, балык кармап жесеңиз да болот. Карс ашканасы менен да кызык, гастрономияга бай жер. Кашар жана груйер, бал жана каз эти бул аймактын популярдуу тамактары болуп саналат.

ТАМАК ҮСТҮНДӨГҮ ТАБЫШМАКТУУ САЛТ
Сиз тамак үстүндө отурганда бакшылар өз ара сөз талашып, ырдап келип калса таң калбаңыз. Дастан жана масал айтуу түрктөрдүн байыркы салты болуп саналат. Келген коноктордун көңүлүн көтөрүү, жакшы маанай тартуулоо үчүн бакшылар топ-тобу менен атайын чакырылат. Бул салт 2009-жылы ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

414