7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Карылар үйүндө тамак-ашка 100% акча бөлүнсүн!» Жапаров социалдык жарлыкка кол койду

838

Өлкө башсы Садыр Жапаров «Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактанууга чыгымдардын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Анда бир нече социалдык мекемелер каралган. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров тиешелүү тапшырманы 3-декабрда Беловодск айылындагы Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда берген.

Социалдык чөйрөнүн мекемелеринде жашаган ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жана адамдардын, улгайган жарандардын тамактануусунун сапатын көтөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1. 2022-жылдын 1-январынан баштап төмөнкүлөрдүн тамактанууга акчалай ченемин 100 пайызга көбөйтсүн:

— Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелериндеги балдардын, улгайган жарандардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелериндеги жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин адистештирилген реабилитациялоо борборлорундагы (балдар үйлөрүндөгү) балдардын;

2. ушул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;

3. өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

839