12-февралда УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарынын улгайган тургундарынан 6 миң АКШ долларын опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатынын бир бөлүгүн алуу учурунда эки жаран кармалды.
Кармалгандар КРнын тиешелүү каттоо жана нотариалдык органдарындагы байланыштары аркылуу кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугунан ажыратуу коркунучу менен, кары адамдардан көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан.
Кылмышка шектелип кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.