7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Каржылык пирамида» ыкмасын колдонуп 35 миң долларга алдап кеткен кишилер кармалды

768

Бишкекте каржылык пирамида ыкмасын колдонуп адамдарды 35 миң долларга алдап кетти делген үч киши кармалды. Бул туурасында Ленин райондук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, С.К. аттуу калаа тургуну Ленин РИИБге арыз жазып, аны алдап кеткен үч кишиге чара колдонууну суранган.

«Алар июнь айында Жал кичи районунда жайгашкан фирмалардын биринин офисинде Antares Trade деген каржылык пирамида уюштуруп, жабырлануучунун 35 миң долларын алдап алган. Каражатты алып жатканда көбөйтүп берүүнү убадалаган. Бирок кийинчерээк из жашырып кетишкен», -деп берилет маалыматта.

Аталган факты КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Ыкчам изилдөөдөн соң 45 жаштагы М.Д., 39 жаштагы Т.С. жана 57 жаштагы Х.Ч. аттуу адамды шектүү катары кармаган. Натыйжада соттун чечими менен үчөө тең эки айга №1 тергөө абагына киргизилген.

Белгилей кетсек, мындан сырткары, кармалган жарандардын үстүнөн дагы 10 адамдан арыз түшүп, алданып калганын билдиришкен. Учурда алардын чыгымдары такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

769