«Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы болуп Жалалидин Мамытбеков шайланды. Бул тууралуу коомдук бирикменин мүчөсү, активист- блогер Гүлжигит Исаков кабарлайт.
Маалыматка ылайык, коомдук бирикменин төрагасын, бирикменин мүчөлөрү атайын жыйында шайлап, протокол менен бекиткен.
«Жалалидин Мамытбеков КРдин ИИМ түзүмүндө иштеп, пенсияга чыккан. Милициянын полковниги.
Лейлек районунун кулуну. Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 2 кыздын атасы.
Баткен облусундагы чек ара маселелерине чоочун эмес. Облусту коён жатагына чейин абдан жакшы билет. Кыргызстандын башка аймактарында дагы эмгектенген«-деп маалыматта жазылат.
«Чек ара» коомдук бирикмеси 2019-жылы түзүлгөн. Өлкө боюнча чек ара көйгөйлөрү менен күрөшүп, делимитация жана демаркация иштерине коомдук өкүл катары жардам берүү максатында негизделген.
Айрыкча, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактардын алдын алуу, түзүлгөн көйгөй менен күрөшүү багытында иш алып барышууда. Тийиштүү мамлекеттик органдарга өз маалында кеп-кеңешин, сунуштарын айтып, зарыл учурда элдин атынан талапды коюп келет.
Ал эми, бирикменин мурдагы төрагасы Сапарали Борубаев