Бишкекте бир нече кафе-ресторан, дүкөндөрдүн администрациялары санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн айыпка жыгылышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалдан улам Шаардык санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери күндүз дүкөн, соода борборлорду, ал эми кечкисин жана түндө кафе-ресторандарды кыдырып текшерүүдө.
Айыпка жыгылган объектилер:
- «Империя пиццы»;
- Beef Burgers;
- «Савор»;
- «Каганат»;
- «Центр плова»;
- «Киана»;
- «Буржуй»;
- Pascal;
- «Граф»;
- Fresh box («Вефа» соода борбору);
- «Хан Теңири»;
- «Белек»;
- «Палаццо»;
- «Кебаб хаус»;
- «Этилер»;
- «Ак-Бата»;
- «Даамдуу»;
- «Народный» гипермаркети;
- «Вефа» соода борборунда жана Жал-23 кичи районундагы Rody Mood дүкөнү;
- Dota компьютердик клубу.
Бардык жеке жактарга 3000 сомдон айып салынса, юридикалык жактар 13 миң сомдон төлөмөй болушту.