7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касмамбетов: Курултай маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болот 

572

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун жетекчилиги алдында, Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү.

Отурумга комитеттин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видео конференц-байланыш аркылуу катышты.

Акыркы күндөрү президенттин Администрациясына айрым коомдук ишмерлерден Курултайга катышуу үчүн атайын тизме түзүү сунушу келип жатканын айткан Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, бул жолку Курултайга атайын ардактуу коноктор чакырылбай турганын, Курултай маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болоорун билдирди.

Белгилей кетсек, “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, атайын же кошумча тизме түзүү каралган эмес. Элдик Курултайга быйыл шайланган делегаттар гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 30 делегат.

Кошумчалай кетсек алдыдагы Курултайга делегаттардан сырткары Элдик Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.

Элдик Курултай 2023-жылдын 15-16-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында өткөрүлөт.

573