7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык акция башталды

451

Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата беш айлык акция жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, акын, драматург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына карата 16-марттан 30-августка чейин беш айлык акция жарыяланган.

Беш айлыкка республика боюнча онлайн жана офлайн түрүндө ар кандай иш-чараларды уюштуруу менен бардык билим берүү мекемелери, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка бардык каалоочулар катыша алат. Жободо өткөрүлчү иш-чаралар, аткарылчу иштер боюнча багыттар, сунуштар берилген.

Беш айлык символикалуу түрдө К. Тыныстановдун туулган күнүнө карата жыйынтыкталып, жобонун шарттарына ылайык жасалган иштери кызыктуу, мазмундуу, таасирдүү деп аныкталгандарга, иш-чараларга жигердүү катышкандарга сыйлыктар ыйгарылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

452