Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев гербди өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Өлкө башчынын айтымында, учурдагы гербде эклектика (түрдүү стиль, идея же көз караштын аралашмасы) жана советтик доордун элементтери болгондуктан кабыл алуу оор. Токаев бул маселени талкуулап, коомдун макулдугу менен жаңы гербдин эскизин түзүүгө ачык сынак жарыялоону сунуш кылга.