7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токаев Жапаровду «Центерра» компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен куттуктады

661

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду «Центерра» компаниясы менен талашты жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу менен куттуктады.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, макулдашууга жетишүү оңой болбогонун белгиледи. Ал кыргыз тараптан кыргыз элинин кызыкчылыгы гана биринчи орунга коюлганын белгиледи. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн болду. Тараптар алдыдагы мааракелик дата — эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына басым жасоо менен кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жана Евразия экономикалык форумунун алкагында Казакстандын Президентинин Кыргызстанга сапарын макулдашты. Ошону менен катар Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын чек арасын Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына кароону өтүндү. Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына бул маселени негиздүү түрдө кароону тапшыра турганын билдирди.

Тараптар ошондой эле, аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты. Соңунда Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев ыйык Рамазан айынын башталышына байланыштуу бири-бирин куттукташты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

662