7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касым-Жомарт Токаевдин атасы жөнүндө даректүү тасма даярдалды

516

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы жөнүндө даректүү тасма даярдалды.

Тасмада эки бир тууган Касым менен Кемел Токаевдердин жана башка тарыхый инсандардын окуясы чагылдырылган. Алардын тагдырлары Бишкек (Фрунзе) менен тыгыз чырмалышып, байланышкан. Бул жерде Казакстан Республикасынын учурдагы президентинин атасы жөө аскерлер мектебинде (азыркы 33 мектеп-гимназияда) окуп, ал жерден фронтко аттанган.

Ал кайтып келгенден кийин жазуучулук ишмердигин баштап, Казакстанда детектив жанрынын негиздөөчүсү болгон. Тасмадагы негизги окуялар казак менен кыргыздын тарыхтагы окшоштуктарын ачып берет.

Тасма элдик дипломатияга, жалпы салттарга жана бир туугандык байланыштардын тыгыз мамилелерин бекемдеп турат.

517