7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касым-Жомарт Токаевдин атасынын ысымы Бишкектеги мектеп-гимназияга ыйгарылды

92

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин ысымы Бишкектеги мектеп-гимназияга ыйгарылды.

Кемел Токаев — 1923-жыл 2-октябрь Алматы облусунун Каратал районундагы туулган. Казак жазуучусу, казак прозасындагы детектив жанрынын негиздөөчүсү.

Коллективдештирүү жылдарында жана ага удаа келген ачарчылык маалында Кемел Токаевдин үй-бүлөсү өз мекенин таштап, журт которууга аргасыз болгон; бир нече жыл Фрунзе шаарында жашаган.
Бул жерде Кемел Токаев ата-энесинен, жакындарынан ажырады. Жетим балдар үйүндө тарбияланган.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тагдыр Кемел Токаевди экинчи жолу Кыргызстанга алып келди. Ал Фрунзе шаарындагы жөө аскерлер мектебинде (азыркы 33 — мектеп-гимназияда) билим алып, ушул жерден фронтко чакырылган.
Согуштагы эрдиги үчүн «Советтер Союзунун Баатыры» наамына көрсөтүлгөн. Бирок ал наам эмнегедир ыйгарылган эмес.

Жакында президент Касым-Жомарт Токаев 33 — мектеп-гимназияга автобус белек кылды.
Автобус согуштун баатырларын эскерип, атасы окуган мектепке сый-урмат катары берилди. Ошондой эле мектептин мыкты бүтүрүүчүлөрү үчүн Алматыдагы Сатпаев университетинде акысыз окууга үч орун бериле турганы белгилүү болду.

93