Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы курулуш объекттерин көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө МинКаб төрагасы өлкөнүн транспорттук, соода-сатык жана спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышты.
Алгач, жаңы батыш автобекетинин курулушу менен таанышуу болду. Бул объект Бишкектин борборундагы автоунаа тыгынын азайтуу үчүн стратегиялык мааниге ээ. МинКаб Төрагасы эл аралык логистикалык стандарттарды сактоонун жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошол эле учурда жаңы транспорттук түйүнгө кирүүнү камсыз кылуучу жол тармагын активдүү өнүктүрүү жүрүп жатат. Адылбек Касымалиевге жалпы узундугу 8,74 чакырымды түзгөн жол тилкелерин куруу долбоору сунушталды. Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:
— Профсоюз көчөсүн Түндүк айланма жолу менен байланыштырган 5,775 чакырымдык тилке;
— 1,376 км жана 1,589 км узундуктагы эки кошумча бириктирүүчү тилке.
Бул долбоорлорду ишке ашыруу борбордун түндүк бөлүгүндөгү тыгындарды бир топ азайтуучу эффективдүү транспорттук коридорду түзүүгө мүмкүндүк берет.
МинКаб Төрагасы андан соң жаңы Ош базарынын курулушу менен таанышты. Соода борборун шаардын борборунан башка жакка көчүрүү — жол тыгынына каршы күрөшүү жана Бишкектин архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча негизги чаралардын бири. Адылбек Касымалиев ишкерлерге жана шаар тургундарына эң ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды, анын ичинде заманбап кампалар жана кенен унаа токтотуучу жайлардын болуусу шарт.
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдиргендей, автобекетти, жолду жана жаңы базарды куруу иштери графикке ылайык жүрүп жатат. Бул объектилерди бүтүрүү үстүбүздөгү жылдын май айына белгиленген.
Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Орок айылындагы эл аралык класстагы “Бишкек Арена” стадионунун курулушу менен таанышты.
Мында, Каныбек Туманбаев курулуштун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берди. Жалпы 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган спорт комплекси ФИФАнын стандарттарын сактоо менен курулууда. Стадион өлкөдөгү эң ири спорттук объект болуп, Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги футбол беттештерин жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөт.
Бул объектти курууда инклюзивдүүлүккө өзгөчө басым жасалды: стенддер жана бардык функционалдык зоналар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлашып, атайын орундуктар жайгаштырылат.
Адылбек Касымалиев курулуштун жүрүшү менен таанышып чыккандан кийин, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана борбордук мэрияга бир катар тапшырмаларды берди. МинКаб Төрагасы жолдун жана курулуш иштеринин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу, ошондой эле объекттерди ишке киргизүүдөгү мөөнөттөрүн так сактоо зарылдыгын белгиледи.



