7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев менен Оверчук Россия өкмөтү куруп жаткан мектепке барышты

97

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Россия өкмөтү тарабынан Бишкекте курулуп жаткан мектепке барышты.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен  Россия мамлекетинин башчысынын орун басары Алексей Оверчукка Россиянын Бишкекте куруп жаткан мектебинин долбоорун көрсөттү.

Окуу жай 1224 окуучуга ылайыкташкан. Заманбап мектепте эки бассейн, спортзал, футбол талаасын куруу пландалган. Мектеп 2027-жылдын 1-сентябрында ишке кирери айтылган.

Ушундай эле дагы 8 билим берүү жайы Кыргызстандын калган аймактарына салынат. Жаңы мектептерден 11 миңден ашуун бала билим алары кабарланган.

Окуу жай 1 224 окуучуга ылайыкташкан. Оверчуктун айтымында, бул заманбап мектеп болот.

«Эки бассейн, спортзал, футбол талаасын куруу пландалган. Курулуш иштери боюнча кыргызстандык кесиптештерибиз менен жакшы иштешип жатабыз. Баары өз убактысы менен жакшы баратат. 1,5 жылдан кийин балдар окуусун баштап калат деген ойдобуз», — деди ал.

Аталган мектеп 2027-жылдын 1-сентябрында ишке кирери айтылган. Ушундай эле дагы сегиз билим берүү жайы Кыргызстандын калган аймактарына салынат. Жаңы мектептерден 11 миңден ашуун бала билим алары кабарланган.

 

98