7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды

139

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун алкагында 2026-жылы Бишкек шаарында өтө турган ШКУнун алдыдагы саммитине даярдыктын негизги аспектилерине, ошондой эле ШКУнун 25 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү пландарына өзгөчө көңүл бурулду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын айрым демилгелерине, анын ичинде ШКУда каржылык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерине көңүл бурду.

Өз кезегинде Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Кыргызстандын уюмдун алкагындагы активдүү ролун жогору баалады жана ШКУнун Катчылыгы Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.

140