7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Касымалиев Улутстаткомго өлкөдө өндүрүлгөн 50 жаңы унаа тапшырды

20

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдө өндүрүлгөн Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 50 жаңы автоунааны Улуттук статистика комитетинин аймактык органдарына тапшырды.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө, өткөн жылы ишке кирген «Тулпар Моторс» заводунда чыгарылган ата мекендик автоунааларды тапшыруу экономиканын жалпы өнүгүүсүнүн жана өсүшүнүн далили экенин баса белгиледи. Министрлер Кабинетинин башчысы экономикалык көрсөткүчтөрдүн бир катар мисалдарын келтирип, 2025-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 1 трлн сомдон ашып, 1 трлн 42,1 млрд сомду түзгөнүн, ошол эле учурда ИДПнын реалдуу өсүшү 11,0 % деңгээлинде катталганын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы экономикалык маалыматтарды чогултуу, текшерүү жана коомчулукка жеткирүү үчүн жооптуу орган катары Улуттук статистика комитетинин маанилүү ролун өзгөчө белгиледи. Ошондой эле ал 2026-жылы белгилене турган Кыргызстандын статистика органынын түзүлгөндүгүнүн алдыдагы жүз жылдыгын эске салды. Өз сөзүндө ал президент Садыр Жапаровдун 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү Жарлыгын эске салып, бул стратегиянын алкагында статистикага келечектүү өндүрүштөргө жана тармактарга тынымсыз мониторинг жүргүзүү, ошондой эле зарыл болгон учурда ыкчам колдоо көрсөтүү милдеттери коюлганын белгиледи.

Жаңы автоунаалар райондук жана шаардык статистика бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, ушул айга пландаштырылган айыл чарба эл каттоосун жүргүзүүгө олуттуу жардам берет. Берилген транспорт каражаты улуттук статистика кызматынын алдында турган милдеттерди аткаруунун ыкчамдуулугун жана натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатат деп күтүлүүдө.

Иш-чаранын аягында министрлер кабинетинин төрагасы алынган автоунаалар статистика кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга олуттуу салым кошоруна жана ишенимдүү жана өз убагында статистикалык маалыматтарды берүү боюнча жооптуу милдеттерди аткарууга кызмат кыларына ишеним билдирди.

21