Кыргызстан тоо туризми боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына ишенимдүү кошулуп жатат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Өткөн жылы эл аралык рейтингдерде жогорку орундарга ээ болдук. Бул жетишкендиктердин негизги себеби — өлкөбүздө коопсуздуктун камсыздалышы, туристтерди кабыл алууга ылайыктуу шарттардын жылдан-жылга жакшыртылып жатышы.
Бүгүн, дем алыш күнү, командамдагы каалоочулар менен бирге Ала-Арча жаратылыш паркындагы Шаркыратмага чейин жөө басып барып кайттык. Көптөн бери жаратылыш койнуна чыгып, тоо аралап басууга мүмкүнчүлүк болбой жүргөн эле.
Дүйнөдө кыргыздай жаратылышка жакын, табияттын сырын терең түшүнгөн, тоолорду көрсө жан дүйнөсү сергип, кубанган эл сейрек болсо керек.
Биз, кооз мекенибизди даңазалап, жаратылышка аяр мамиле жасап, ошондой эле башкаларга сергек жашоонун үлгүсүн көрсөтүүнү максат кылдык. Жаратылыш менен байланыш — бул руханий тазалануу гана эмес, ден соолукту чыңдоонун да эң натыйжалуу жолу.
Өлкөбүзгө келген конокторго, айрыкча жаштарга кайрылгым келет. Жаратылыш койнунда сейилдөө, тоолорго чыгуу адамдын жан дүйнөсүн байытып, ден соолугун бекемдейт. Мүмкүнчүлүк болсо, муну жашоонун бир бөлүгүнө, жакшы адатка айландыргыла.



