7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катардан келген дарыгерлер угуусу начар балдарга операция жасап жатат

407
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болуп, угуусу начар балдарга жасалып жаткан операциялардын жүрүшү менен таанышты.
Катар мамлекетинен профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жетектеген хирургдар тобу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кохлеардык имплантация боюнча операцияларды жасоо үчүн келишкен. Бул улуттук борбордо бир жуманын ичинде 50гө жакын балага операция жасалат.
Мурда кол коюлган меморандумга ылайык, Катар Мамлекетинин Өкмөтү Кайрымдуулук жана Ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, ошондой эле операциядан кийин балдарды реабилитациялоого байланышкан чыгымдарды өз мойнуна алат.
408