7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катардын Эмири алгачкы жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

656

Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 6-июнда, мамлекеттик сапар менен алгачкы жолу Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык «Манас» аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Аэропортто көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду.

Улуттук кийимчен эркектер бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү. Бул маалда ансамблдин артисттери кыргыздын улуттук бийлерин аткарып турушту.

Катардын Эмирин аэровокзалдын имаратынын алдында аттары менен 10 чабандес жигиттер жана «Алптар» баатырлары тосуп алышты.

Садыр Жапаров жана Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.

Катардын Эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун жашырган жок.

Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери эртең, 7-июнда, тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

657