7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катчы: ЖККУнун аракети менен 8 тоннадан ашык баңгизаты жок кылынды

119

ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ал ЖККУнун мамлекет башчыларынын жолугуусунан кийин Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

ЖККУнун үч жылдык ишмердигине сереп салып, башкы катчы бир катар олуттуу жетишкендиктерге токтолду.

  • Коллективдүү күчтөрдүн курамынын саны 1,8 эсеге көбөйүп, 30 миң адамды түздү жана авиациялык топ да чыңдалды.
  • 2025-жылы «Канал» баңгизатка каршы операциясынын жүрүшүндө 8 тоннадан ашык баңги заты алынган, ал эми «Нелегал» операциясы 2024-жылы 130 000ден ашуун иммиграция мыйзамдарын бузуунун алдын алууга жардам берген.
  • «Өз ара аракеттенүү», «Бузулбас бир туугандык» сыяктуу ири масштабдагы машыгуулар такай өткөрүлүп, акыркы согуштук тажрыйбалар кошулат.
  • Ошондой эле ШКУ жана КМШ менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча жол картасына кол коюлду.
  • 2026-жылдын 1-январынан баштап уюмга төрагалык кылуу Россия Федерациясына өтөт.
120