7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык Талант Акынбеков “Мыкты оператор” сыйлыгын алды

316

Москвада Никита Михалковдун «Мастерская 12» театрында «Бриллиант көпөлөк» эл аралык киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар иш-чараны социалдык тармактарда жарыялашты.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандык Талант Акынбеков «Кара, кызыл, сары» тасмасы үчүн «Мыкты оператор» сыйлыгын алган.

“Эң мыкты тасма” деп кытайлык режиссер Сюй Чжэндин «Агымга каршы» тасмасы табылды. Анын жаратуучулары 1 миллион долларга жакын акчалай сыйлык алышат.

Сынакка жалпы маданий жана руханий салттарды бөлүшкөн өлкөлөрдүн тасмалары катышты. Алар Россия, Кытай, Түркия, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Сербия, Өзбекстан, Венесуэла, Куба, Сенегал, Түштүк Африка, Пакистан, Беларусь, Индонезия, Вьетнам, Иран ж.б.

 

317