7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Каяша сүйлөбөй жооп бериңиз». Акылбек Жапаров менен Шайлообек Атазов кайым айтыша кетти

1169

Бүгүн, 4-ноябрда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйыны өтүп, анда депутат Шайлообек Атазов менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кайым айтыша кетти.

Депутат Атазов шаардагы жолдордун абалына токтолуп, «Топтоп туруп, бир чоң жол салып, тыгын маселесин чечсе болот. 4 чоң көпүрө бар экен Аламедин Учкунда. Кудай сактасын алар кулап, анан кишини басып калганда оңдойбу шаардык бийлиги же жалпы өкмөт? Шаардагы көпүрөлөргө көңүл бурасыңарбы?» — деди депутат.

«Ош жана Бишкек шаары өзүлөрүнүн бюджеттерин толтурбай жатат. Жергиликтүү бийликке берип койсок, алар иштебей жатат. Кыймылсыз мүлк, жер салыгын, суунун тарифин жергиликтүү бийликке берип коюптурбуз. Алар акыркы 20 жылдан бери мунун баарын көтөрбөй жатат да. Ушул суроонун баарын жергиликтүү кеңештин депуттары менен мэр чечиши керек. Алар чечпесе биз чечебиз бирок, анда мэрлердин баарын алмаштырыш керек», деди Акылбек Жапаров.

Депутат: Жергиликтүү кеңеш иштебей жатса, биз күнөөлүүбүзбү?

Төрага: Сизди күнөлүү деген жокмун, абалды түшүндүрүп жатам.

Депутат: Көзөмөлгө албайсызбы?

Төрага: Алган үчүн алдыңарга келип жооп берип жатам да.

Депутат: Сиз антип каяша сүйлөбөй жооп бериңиз. Бишкек менен Оштун көпүрөлөрү түшүп кеткенде оңдойсуздарбы, 2023-жылга киргизе аласыздарбы?

Төрага: 2023-жылга киргизе албайбыз, ал жергиликтүү бийликтин эсебинен оңдолушу керек.

Депутат: Ким оңдойт. Жергиликтүү бийликти сиздер коюп жатасыздар.

Толугу менен төмөнкү ссылканы басып көрүңүз https://fb.watch/gAxXofPBlF/

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1170