Ошто Диана Маматкалилова Өзгөн шаарынын борбордук базарына соода кылуу үчүн кеткен бойдон дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 2-ноябрь күнү Өзгөн районунун Куршаб айылынын 37 жаштагы К.Ж аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 29-октябрь күнү, 13 жаштагы кызы Маматкалилова Диана Бакытбековна Өзгөн шаарынын борбордук базарына соода кылуу үчүн келип, ошол бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Бул окуя боюнча Өзгөн РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Кийген кийимдери: үстүндө кара көк түстөгү жеңи жок кемсел, ичинде ак түстөгү спорттук кийим, астында кара көк түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү бут кийим (красовка).
Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см., дене түзүлүшү арыкчырай, ак жүздү, чачы кара түстө, узундугу 35-40 см., кашы-көзү кара, бетинин оң жагында кичине калы бар.
13 жаштагы Маматкалилова Диана Бакытбековна тууралуу кандайдыр-бир маалымат болсо төмөнкү телефондорго кабарлап коюшунуздарды суранабыз:
тел.: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93.