7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстан менен Кыргызстан глобалдык кооптуу инфекцияга биргеликте күрөшөт

189

Дүйнөдө биологиялык коопсуздук COVID-19 вирусунан кийин глобалдуу маселеге айланды.

Бул дүйнө коомчулугуна коркунуч туудуруда. Бул багытта баардык мамлекеттер тиешелүү эрежелерди сактап келет. Акыркы жылдары кээ бир чет элдик ЖМКларда жана социалдык тармактарда Казакстандын аймагында биологиялык курал жасоо үчүн америкалык лабораториялар ачылат деген маалымат тараган. 2022-жылы аталган жаңылык Кыргызстан үчүн да резонанс жараткан. Анда жарандар кыргыз-казак чек арасына жакын жерге кооптуу штаммдар менен иштөөгө каршы чыгышкан.

Бул маалыматты Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жокко чыгарганын Stopfake.kz, кабарлайт. Мындан тышкары, М. Айкимбаева атындагы өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча улуттук илимий борбордун башкы директору Зауреш Жумадилова Кыргызстандан келген биологиялык коопсуздук боюнча эксперттердин тобу менен жолугуп,  Казакстанда чет элдик адистер иштеген америкалык биологиялык лабораториялар жок экенин расмий билдирген.

2021-жылдан тарта Казакстан менен Кыргызстан кирген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында биологиялык коопсуздук маселелери боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын Координациялык кеңеши иштеп жатат. Анын милдеттерине ЖККУга мүчө-мамлекеттердин биологиялык коопсуздугун камсыз кылуунун ишенимдүү системасын түзүү жана кызматташтыкты координациялоо кирет.

Сентябрь айында Казакстан ЖККУга төрагалык кылуунун алкагында биологиялык коопсуздук маселелери боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын Координациялык кеңешинин IV жыйынын өткөрөт. Ал эми 2025-жылы уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт. Казакстан менен Кыргызстан бул боюнча эки тараптуу активдүү иштерди жүргүзүп баштады.

Казак тараптын чакыруусу менен июль айында Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган делегациясы, М. Айкимбаева атындагы Өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча улуттук илимий борбордун референттик лабораториясына барышкан. (НЦООИ). Делегация мүчөлөрү Илимий-изилдөө борборунун ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, биологиялык коопсуздук жана биокоопсуздук боюнча адистерди окутуп, изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Бул жолугушуу биологиялык коопсуздук маселелери боюнча кызматташуунун жаңы этабын өнүктүрүүнүн башталышы болду. Казакстандын жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги, биологиялык коопсуздук жаатында мындан аркы кызматташуу жана Өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча улуттук илимий борбордун ортосунда өз ара меморандумга кол коюлду.

Бул документтин алкагында Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мониторинг өткөрүлүп, өзгөчө коркунучтуу инфекцияларга каршы күрөшүү боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу болот. Буга катар кесипкөй адистерди даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, жугуштуу оорулар жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар, биологиялык коопсуздук боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлүшү каралган.

Бул боюнча адистердин билимин тереңдетүү жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги  Кыргызстандык кесиптешерин 24-25-сентябрда Алматы шаарында өтө турчу “Транчек аралык жугуштуу ооруларга каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү” “Биокоопсуздук жана туруктуу өнүгүү: Стратегиялык ыкмалар” темасындагы  эл аралык илимий симпозиумга катышууга чакырды.

Бул иш чаралардын баары Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлинде Эл аралык биокоопсуздук агенттигин түзүү демилгесин ишке ашыруу үчүн көрүлүп жатат. Казакстан 2020-жылдан бери президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен бактериологиялык (биологиялык) жана токсиндик куралдарга тыюу салуу жана аларды жок кылуу боюнча 1972-жылдагы конвенциянын негизинде, БУУнун Коопсуздук Кеңешине жооптуу атайын көп тараптуу органды – биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттикти түзүү сунушун илгерилетип келет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

190