7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстан жардам иретинде 50 миң доза QazVac вакцинасын берет, вакцина тууралуу…

622

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коронавируска каршы QazVac вакцинасынын 50 миң дозасын берет. Маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктайт.

QazVac вакцинасы Бишкеке ушул жуманын аягында келип түшөт. Азырынча эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

QazVac вакцинасы башкалардан айырмаланып, атайын тоңдургуч (морозильник) талап кылбайт. Кадимки муздаткычта сактаса болот дешет. Бирок анын канча мөөнөткө чейин жарактуулугу ачык айтылган эмес. Алгачкы сыноода, QazVac вакцинасын кабыл алган жаранда «антитела» 7 айга чейин сакталаары байкалган.

Вакцина Казакстанда үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинен бери эмдөөгө берилген.  Бул аралыкта 50 миң доза гана иштетилген. Арадан 3 ай өткөнүнө карабай вакцина тууралуу калк арасында маалымат аз болуп, окумуштуулар арасынан да ишенбөөчүлүк билдиргендер бар. Алар, QazVac вакцинасы тууралуу чет элдик илимпоздордун бүтүмү, илимий далилдүү материалдар чындыгында жетишсиз экендигин баса белгилешет. Маселен Pfizer/BioNTech вакциналарын сыноого 43 миңден ашуун жаран катышса, QazVac вакцинасына канча адам катышып, кандай бүтүм болгону туңгуюк.

Мындай божомолдорго вакцинаны өндүргөн Казакстандын  Биологиялык коопсуздукту изилдөө институту азырынча тескери реакция берен учур каттала электигин гана айтат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

623