7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда дагы 2,5 миңдей киши эвакуацияланды

505

Казакстанда суу каптаган аймактардан дагы 2,5 миңдей киши эвакуацияланды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Бүгүнкү күндө селдин айынан коопсуз жакка көчүрүлгөндөр дээрлик 114 миңге жетти, алардын 13 миңге жакыны үйүнө кайтты.

Суу бара-бара тартыла баштаганын, бирок алдыдагы 10 күн оор болорун президент Касым-Жомарт Токаев Түндүк-Казакстан облусуна барып, селден жабыркаган жергиликтүү тургундар менен жолугушканда айткан. Ал Казакстан азыр оор кырдаалды башынан кечирип жатканын белгилеген.

Петропавловск шаарында селден жабыркаган ондогон кишилер социалдык камсыздоо мекемесинин алдына чогулуп, материалдык жардамга кезекте турушту. Селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими бул облустун алты районунда жарыяланган, 10 миңдей адам эвакуация болгон.

16-апрелге караган түнү Түркестан облусунун Кентау шаарында нөшөр жаандан кийин айрым үйлөрдү суу каптаганы маалым болду.

 

506