Бүгүн, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарында саат 11:10до Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан “Эмбраер – 190” учагынын экипажы Актау Эл Аралык аэропортунан авариялык кондурууну суранган.
Бирок учак аэропортко 3 чакырым жетпей авиакырсыкка учураган. Аба кырсыгы катталган тилкеде куткаруу иштерин жүргүзүүгө 52 куткаруучу жана 11 техника тартылган.
Азербайжандын ӨКМи алдын ала берген маалымат боюнча учакта 67 адам болгон. Анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар. Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жараны жана Кыргызстандын 3 жараны болгон. Учурда жалпы 28 адам ооруканага жеткирилген.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан кошумча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.