7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен жүрүүгө тыюу салындыбы?

586

Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү Казакстандын аймагында таанылат. Бул тууралуу ТИМден маалымдашты.

Кыргызстан жана Казакстан 1968-жылдын 8-ноябрындагы БУУнун “Жол кыймылы жөнүндө” Вена конвенциясынын мүчөлөрү болуп саналат. Ага ылайык, Конвенциянын катышуучулары тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт. Бирок, буга карабастан Казакстандын аймактык административдик полициясынын (автомобиль инспекциясынын) кызматкерлери тарабынан эл аралык мыйзамдардын жоболорун сактабаган айрым фактылар байкалууда, алар ички мыйзамдардын жоболоруна ылайык айдоочулук күбөлүктү казак үлгүсүнө алмаштырууну сунуш кылышат.

Өз кезегинде, ТИМ казак тарапка Казакстандын Ички иштер министрлигинин алыскы жайгашкан тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен Казакстандын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнүн аныктыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө өтүнүч билдирген.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча казак тарап зарыл болгон маалыматтык иштер жүргүзүлөрүн билдирген. Тийиштүү биргелешкен чара көрүү үчүн мындай ар бир окуя тууралуу маалымдоо тууралуу өтүнүчүн билдирген.

ТИМ жана Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан бул маселе боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Казакстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү пландаштырылган.

587