7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда «Манас» эпосун айткан жалгыз манасчы «Достук» ордени менен сыйланды

695

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта Нур-Султан шаарында Казакстанда «Манас» эпосун айткан жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен жолугушту.

Мамлекет башчысы манасчы Баянгали Алимжановго «Манас» эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирди. Анын кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошкондугун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Баянгали Алимжановго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын — «Достук» орденин тапшырды.

Манасчы Баянгали Алимжанов «Манас» эпосун Казакстандын жаш муундарынын арасында кеңири жайылтуу үчүн которгонун белгилеп, азыркы жаштар бул уникалдуу эпосту билиши керек деп эсептейт.

Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. 1984-2004-жылдар аралыгында Баянгали Алимжанов жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан, ар кандай конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү.

696