Контрабанда жолу менен ташылган мандарин жүктөрүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-февралында КР УКМК Баткен областынан коңшу республикалардын биринен жалпы салмагы 6,2 тонна мандаринди аткезчилик жол менен ташылын алдын алды.
Учурда бул фактыны процесстик каттоодон өткөрүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын органдарына өткөрүлүп берилди.