Казакстанда калкты коронавируска каршы жергиликтүү QazVac вакцинасы менен эмдөө башталды. Бул боюнча казак басма сөз булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-апрелде вакцинанын биринчи дозасын алгачкылардан болуп саламаттык сактоо министри Алексей Цой алган.
«Биздин тапшырма — мүмкүнчүлүк берүү. Андан кийин жарандар өздөрү тандайт, өздөрү эмдөөдөн өтөт», — дейт министр.
Министрдин айтымында, 26-апрелге карата Казакстанда коронавируска каршы 893 миң 633 киши эмдөөдөн өттү, алардын ичинен 165 миң 997 адам эки дозасын тең алды”. Буга чейин сыноого үч миң ыктыярчы катышып, болжол менен жарымы плацебо алган.