Казакстандын Көкшетау шаарындагы мектептердин биринде жык толгон окуучулар коридордо тепселенип жаткан видео социалдык тармактарда тарады.
Акмола облусунун билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы, видео учурда эки сменде иштеп жаткан Көкшетау шаарындагы №1 мектеп-гимназиясында тартылганын билдирди. Учурда сабактар кадимкидей өтүлүп жатат.
Мектепте 2866 бала окуйт. Мектеп жетекчилиги окуучулардын тыныгууга чыгуу жана сабакка кирүү графигин оңдогон. Өз убагында зарыл чараларды көрбөгөн мектеп жетекчилиги тартиптик жазага алынды.
Аталган өлкөнүн агартуу министрлиги балдар жаракат албаганын билдирген.