7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казань жана Набережные Челны шаарларында шайлоо тилкеси ачылат

184

Россиянын Казань шаарында Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу боюнча маалымат жыйыны өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Татар-информ» агенттигинде өткөн маалымат жыйынына «Шахри Казан», «Республика Татарстан» гезити, «Ватаным Татарстан», «Казанские ведомости», «ДӨҮМ» (Россиянын Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын Татарстан бөлүмү), «ТНВ» телеканалынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага Кыргызстандын Татарстандагы башкы консулу Эрик Бейшембиев, Татарстан элдер Ассамблеясы кеңешинин аткаруу комитетинин жетекчиси Р.Валиуллин, Казань шаарынын социалдык маселелер боюнча аткаруу комитетинин жетекчисинин орун басары З.Абзалов, ошондой эле кыргыз диаспорасынын төрагасы Б.Муканбетов да катышты.

Башкы консул журналисттерге жана маалымат агенттиктеринин өкүлдөрүнө Кыргызстандагы шайлоо тутумундагы жаңылыктар жана Татарстанда Казань жана Набережные Челны шаарларында эки шайлоо тилкесинин ачылышы тууралуу маалымат берди.

30-ноябрда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоолор боюнча маалыматты Кыргызстан жарандарына жеткирүү максатында маалымат каражаттарында басма сөз билдирүүлөрү жарыяланары айтылды.

185