7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казань шаарында кыргыз спортчуларды медальдарды «кырып» жатат

1258

Кечээ, 5 сентябрь КМШ Оюндарынын алкагында бел боо күрөшү боюнча кыздар жана өспүрүмдөр арасында мелдеш болуп өттү.

Жалпы 14 комплект медаль ойнотулуп, Кыргызстан курама командасы жалпы 8 медаль жеңди: 1 алтын, 5 күмүш жана 2 коло.

Кыздар арасында 76 кг дан жогоркулар арасында Айжан Анарбекова күмүш байгенин ээси болду. Ал эми өспүрүмдөр арасында 100 кг салмак категорияда Нурманбет Раймалы уулу аталган мелдештин чемпиону болду. Ал эми,

  • Калысбек Кайымов (62 кг),
  • ХабибуллоТынчтык уулу (68 кг),
  • Дастан Акылбеков (75 кг)
  • Баяман Мыктыбеков (90 кг) күмүш медаль тагынышты.

Ошондой эле 100 кг жогоркулар арасында Арсланбек Турдубеков жана  57 кг салмакта Кенжебай Нарынбай уулу КМШ Оюндарынын коло байгесине ээ болушту.

Спортчулар улук машыктыруучу Нурбек Кожобековдун жетекчилиги алдында чыгышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1259