Тогуз-Тородогу көп кабаттуу үйлөргө суу жеткиликтүү бериле баштайт. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан билдирди.
«Урматтуу Тогуз-Торо районунун Нур-Жайык кичи шаарчасынын тургундары! Учурда социалдык тармактарда Нур-Жайык кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдө ичүүчү таза суу көйгөйү жаралгандыгы тууралуу маалыматтар таркалууда. Буларга жооп ирээтинде «Макмал алтын» филиалына караштуу коммуналдык турак жай чарбасындагы суу берүүчү эки насостун бирөөсүнүн кабели эксплуатациялык иштен чыгып калганына байланыштуу, кабелди алмаштыруу үчүн 75 метр узундуктагы 380ВППд-6 маркасындагы кабель керектеле тургандыгын, бул кабель Жалал-Абад шаарында жана Казарманда сатылбагандыктан, “Кыргызалтын” ААКсы тарабынан 150 метр кабель сатып алуу үчүн тендер жарыяланып, жарыяланган тендердин жыйынтыгы аныкталып, бүгүнкү күндө 150 метр узундуктагы 380ВППд-6 маркасындагы кабель » Кыргызалтын» ААК сы тарабынан сатылып алынып, районго жөнөтүлгөндүгүн жана эртеңки күндөн баштап кабелди алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, “Нуржайык” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөргө суу өз деңгээлинде бериле баштаарын маалымдайбыз».
Ал эми өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасагандыктары үчүн, “Макмал алтын” филиалынын Коммуналдык турак жай чарбасынын башчысына жана кызматкерлерине чара көрүү боюнча райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Кыргызалтын” ААК нын президентине сунуш жөнөтүлдү»,- деп айтылат маалыматта.